Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт 30 жаштагы бир адамдын өмүрүн алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, кырсык 28-июлда шаардагы Сыдыков көчөсүндө болгон.
Өрттөн батирдин 48 чарчы метр аянты күйүп кеткен. Кырык болгон жерге өрт өчүрүү кызматы жана “Тез жардам” кызматы келген. Өрттөн 1989-жылы туулган Ч.Е. аттуу жаран каза болгон. Учурда тилсиз жоонун себептери такталууда.