Бишкектин 8-кичи районунда жайгашкан №33 көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-июль күнү куткаруучулар үйдүн бекилип калган эшигин ачуу үчүн барышып, 1940-жылы туулган эркек кишинин сөөгун табышкан.
Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.