Бишкекте батирлерге жана мекемелерге жылуулук кайрадан бериле баштады. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасы кабарлайт.
19-мартта күн жылыгандыктан жылуулук берүү токтотулган эле.
Бекитилген критерийлер боюнча жылуулук менен камсыз кылуу эшикте беш күн катары менен орточо суткалык абанын температурасы +8 градустан жогорулаганда токтотулат.