Бишкекте 18-19-июнь күндөрү Камбар-Ата 1 ГЭСи долбоорун ишке ашыруу боюнча эл аралык тегерек стол өттү. Иш-чарага Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, ошондой эле Дүйнөлүк банктын эксперттери жана эл аралык адистер катышты.
Швейцариялык AFRY компаниясы катышуучуларга долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин, анын ичинде инженердик чечимдерди, сейсмикалык анализдердин жыйынтыктарын жана гидрологиялык эсептөөлөрдү сунуштады. Экологиялык жана социалдык таасирди баалоо үчүн жооптуу SMEC тиешелүү документтерди көрсөттү. Экологиялык коопсуздукка, биологиялык ар түрдүүлүктү коргоого жана жергиликтүү жайыттарды пайдаланууга байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө олуттуу көңүл бурулду.