Бишкекте каракчылыкка шектелип 7 адам кармалды. Арасында өспүрүмдөр бар

14.01.2026 | 16:59

Бишкек шаарынын «Калыс-Ордо» конушунда болгон каракчылыкка шектелип, 7 адам кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

6-январда Биринчи-Май районду милициясына жаран кайрылып, ага белгисиз адамдар кол салганын билдирген. Анын айтымында, алар «Honda Fit» үлгүсүндөгү унаасынын айнегин сындырышып, анын санына бычак сайышкан. Андан кийин унаасын жана 23 миң сомдук уюлдук телефонун тартып алышкан.

Ошондой эле анын жанындагы таанышын күч менен «Hyundai Sonata» автоунаасына отургузуп, белгисиз тарапка алып кетишкен. Ал жерде анын уюлдук телефонун тартып алышкандан кийин качып кетишкен.

Милиция бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Каракчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. 16 жаштардагы үч өспүрүм, 18 жаштардагы үч жана 19 жаштагы бир жигит кармалышты. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.

Scroll to Top