Бишкек шаарындагы кичи автобустун айдоочулары жол киренин акысын жогорулатышы мүмкүн. Анын себеби күйүүчу майдын кымбат болуп жаткандыгында. Бул боюнча калаа бийлиги менен жолугушуу болуп өттү.
Вице-мэр Азиз Алымкуловдун айтымында, бул маселени коомдук талкуудан соң чечүү керек. Эгерде жеке маршруттун айдоочулары шаар ичиндеги кыймыл-аракеттерин токтотсо, шаар бийлиги жеке менчик фирмалар менен кызматташууну кайра карап чыгышы мүмкүн.