Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн кыска метраждуу тасмаларынын эл аралык фестивалы өтөт

31.03.2026 | 12:16

Бишкекте 21-апрелде КМШ, Балтика өлкөлөрүнүн жана Грузиянын XIV эл аралык кыска метраждуу тасмалар фестивалы башталат. Ачылыш аземи саат 12:00дө «Ала-Тоо» кинотеатрында өтөрүн уюштуруучулар билдиришти.

2026-жылы фестивалга катышуу үчүн ар кайсы өлкөлөрдүн режиссёрлорунан 900дөн ашык билдирме түшкөн, бул аянтчага болгон эл аралык кызыгуунун өсүп жатканын айгинелейт.

Бул кароо-сынак белгилүү кино ишмери Альгимантас Видугиристин 90 жылдыгына арналат. Уюштуруучулар маданий мурастарды сактоонун жана аны кинематография аркылуу кайрадан аңдап чыгуунун маанилүүлүгүн баса белгилешүүдө.

Программа эл аралык жана улуттук деп аталган эки конкурстук категорияны камтыйт. Биринчисине 14 тасма, экинчисине кыргыз режиссёрлорунун 15 кыска метраждуу эмгеги тандалып алынган. Көрсөтүүлөрдүн алкагында көрүүчүлөргө көркөм (игровой), даректүү, анимациялык жана эксперименталдык тасмалар тартууланат.

Өткөрүлгөн жылдар аралыгында фестиваль Бишкектин маданий жашоосундагы көрүнүктүү окуяга жана кесипкөй баарлашуу аянтчасына айланды. Иш-чаранын алкагында катышуучулар киноиндустриядагы актуалдуу тенденцияларды талкуулап, долбоорлорду сунушташат жана тажрыйба алмашышат.

Фестиваль жаш авторлорду колдоого, көрүүчүлөрдүн маданиятын өнүктүрүүгө жана өлкөлөр ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого багытталган. Иш-чара КМШ өлкөлөрүнүн Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун, Кыргызстандын тармактык министрлигине караштуу Кинематография департаментинин жана Маданий кызматташтык фондунун колдоосу менен өтүүдө.

Scroll to Top