Бишкекте КМШнын байкоочулары Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларын эскеришти

01.12.2025 | 10:22

Бишкекте Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна эл аралык байкоочулар миссиясынын алкагында Кыргызстанга келген КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын делегациясынын катышуусунда Жеңиш мемориалына гүл коюу аземи болуп өттү.

Мэрия тарабынан конокторду Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгончоков тосуп алып, демократиялык процесстерди бекемдөө, парламенттик институттарды өнүктүрүү жана жарандардын шайлоо укуктарын коргоо үчүн эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Аземдин катышуучулары: миссия өкүлдөрү, КМШ өлкөлөрүнүн депутаттары жана сенаторлору Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерип, мемориалга гүл коюшту.

Мэрия иш-чараны уюштуруучуларга эл аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана тарыхый мураска урмат мамилени сактоого кошкон салымы үчүн ыраазылык билдирди.

Scroll to Top