Бишкек шаарынын 7-кичи районунда эркек кишини бычактап кетүүгө шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардын Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, кечээ, 18-июнда 102 кызматына 7-кичи районунун короосунда адам бычакталганы тууралуу билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге Октябрь РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барып, аталган фактыны такташкан.
42 жаштагы жабырлануучуга (эркек киши) биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ошондой эле бардык керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «өзгөчө мыкаачылык менен бейбаштык максатта адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөөнүн жүрүшүндө 32 жаштагы Т.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.