Бишкекте кудуктан 39 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 17-ноябрда Асанбай кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы жылуулук түтүгү өткөн кудуктан белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. Кийин анын 1981-жылы төрөлгөн Ж.А. аттуу адам экени аныкталган.
Ал жерге барган ӨКМнын куткаруучулары маркумдун жансыз денесин чыгарып, милиция кызматкелерине өткөрүп беришкен.