Бишкек шаарында Курман айт күнү коомдук транспорттор токтотулбайт. Бул тууралуу шаар бийлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, маршрут каттамдар, автобустар жана троллейбустар иш күндөгүдөй эле эртең менен саат 7:00дөн 10:00гө чейин, кечинде 17:00дөн 21:00гө чейин иштейт.
Эске сала кетсек, коронавирустун жайылуусун алдын алуу үчүн автобус, троллейбус жана маршруттук каттамдар 1-июлдан тартып ишемби, жекшемби күндөрү иштебей турган болгон.
Ал эми Курман айт майрамы жума күнгө туш келгендиктен Кыргызстанда эс алуу күнү деп жарыяланган.