Бишкекте курулуп жаткан элиталык турак жайдын 20 батири мамлекетке өттү

Бишкекте курулуп жаткан элиталык турак жайдын 20 батири мамлекетке өттү

Бишкек шаарынын түштүгүндө жайгашкан премиум класстагы 20 батир жана коммерциялык жайлар мамлекетке өттү. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2005-жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жер тилкесин курулуш компанияларына өткөрүп берүү учурунда, курулган турак-жайдын 13 пайызын муниципалитет алсын деген шарт менен келишим түзүлгөн. Бирок коррупциялык байланыштар аркылуу соттун чечиминин негизинде аталган милдеттенме келишимден алынып салынган. Кийинчерээк жер тилкеси үчүнчү жактарга кайра сатылып кеткен.

Тергөөнүн жүрүшүндө «В» курулуш компаниясы учурда аталган 75 сотых жер тилкеге 3 блоктон жана премиум класстагы батирлерден турган «Президент» турак-жай комплексин куруп жаткандыгы аныкталган.

Жыйынтыгында, аталган курулуш компания мамлекетке ыктыярдуу негизде 20 батир жана жалпы аянты 2285 кв. метрди түзгөн 2 коммерциялык жайды өткөрүп берген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>