Бишкек шаарында курулуп жаткан 5 кабаттуу турак үйдүн жер төлөсү (цоколдук жайы) мамлекетке өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, 1990-жылы Кыргыз ССР эл депутаттарынын Фрунзе шаардык Советинин чечими менен СМУ-8ге Бишкек шаарынан аянты 0,521 га болгон жер тилкеси спорттук эс алуу комплексин курууга берилген.
Кийинчерээк Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен белгиленген тартип сакталбастан, 0,1462 га аянтты ээлеген бул жер тилкесинин бир бөлүгү «Факел» ААКтын балансына мыйзамсыз өткөрүлүп берилген. Бирок өткөрүп берүү учурунда аталган ишкананын «мамлекеттик ишкана» макамы жокко чыккан.
Бир катар сатуу иштеринен кийин, 2022-жылы аталган жер тилкесин «ПП» ишканасы алган. Учурда бул участокто 5 кабаттуу турак жайдын курулушу бүткөрүлүүдө.
Атайын кызмат мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 50 млн 616 миң сомду түзгөнүн билдирди.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, «ПП» курулуш компаниясынын менчик ээси зыяндын ордун толтуруу үчүн, аталган үйдүн турак эмес (цоколдук) жайынын ремонтун толугу менен бүткөрүп, мамлекеттин пайдасына өткөрүп берген.