Бишкекте кылмышка шектелген жаран милиция кызматкерине пара берүүгө аракет кылган

Бишкекте кылмышка шектелген жаран милиция кызматкерине пара берүүгө аракет кылган

Бишкек шаарында шантаж кылууга шектелип кармалган жаран милиция кызматкерине 100 миң сом пара берип, жоопкерчиликтен кутулууга аракет кылган. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ленин райондук милициясына Д.А. жазуу аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал WhatsApp, Telegram мессенджерлери жана Lalafo интернет-платформасы аркылуу белгисиз адам анын жашы жете элек кызына интимдик сүрөттөрдү жарыялайм деп коркутуп, шантаж кылып жатканын билдирген.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө Чүй облусунун Военно-Антоновка айылынан 22 жаштагы Н.А. аттуу шектүү кармалган.

Шектүүнү тергөө кызматына алып келген учурда, ал кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында жана маселени өз пайдасына чечүү үчүн милиция кызматкерлерине 100 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын сунуштаган.

Бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 345-беренеси (кызмат адамына пара берүү) менен кылмыш иши козголгон жана шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>