Бишкекте кыргыз-монгол бизнес-форуму болуп өттү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.
Иш-чара Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурелсухтун Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында уюштурулган. Ага эки өлкөнүн IT, айыл чарба жана тамак-аш тармактары, логистика жана транспорт, туризм жана ага тиешелүү тармактарды көрсөткөн алдыңкы компаниялары катышты.
Форумда кыргыз-монгол Ишкерлер кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Аталган кеңеш үзгүлтүксүз ишкердик байланыштар, долбоорлор менен алмашуу жана биргелешкен демилгелерди илгерилетүү үчүн жумушчу аянтча болот.
Ошондой эле «Кыргызалтын» ААКсы менен Монголиянын Борбордук банкынын ортосундагы алтын камтыган минералдык чийки затты ДОРЕ эритмеси түрүндө кайра иштетүү боюнча агенттик келишим түзүлдү.
Кыргызстан менен Монголиянын Соода-өнөр жай палаталарынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Мындан тыкшары “Озон” ЖЧКсынын жана “ХушХан” ЖЧКсынын ортосунда ниеттер жөнүндө меморандумга кол коюлду.