Бишкекте кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйыны өттү

Бүгүн, 13-февралда, Бишкекте кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйыны өтүп, эки тараптуу кызматташтык негизги багыттары каралды. Отурумга Кыргызстандын өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев жана Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода жетекчилик кылды.
Чек ара жана саясий кызматташтык
Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы чек араны делимитациялоо процессинин ийгиликтүү аякташы аймактагы туруктуулуктун негизги фактору экенин белгилешти. Мамлекеттик чек аранын калган тилкелерин демаркациялоо иштери жакынкы арада бүтөрү күтүлүүдө. Түзүлгөн Өкмөттөр аралык кеңеш мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги макулдашууларды ишке ашыруунун механизми катары аныкталды.
Соода-экономикалык байланыштар
Кыргыз тарап Тажикстанга эт-сүт азыктарын, тигүү-текстиль буюмдарын, көмүр, айнек жана кант жеткирүүнү көбөйтүүгө даяр экенин билдирди. Товар жүгүртүүнү арттыруу үчүн конкреттүү чараларды камтыган «жол картасын» иштеп чыгуу жана эки өлкөдө соода үйлөрүн ачуу сунушталды. Кыргызстан Тажикстандын товарлары үчүн ЕАЭБ жана Европа Биримдигинин (ВСП+) рынокторуна чыгууга «соода дарбазасы» болууга даярдыгын ырастады.
Транспорт жана логистика
Транспорттук чөйрөдө өткөрүү пункттарын модернизациялоо, алардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн кеңейтүү жана бажы тармагына санариптик чечимдерди киргизүү маселеси каралды. «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушу Тажикстан үчүн жаңы транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү ачары белгиленди.
Туризм жана маданият
Адылбек Касымалиевдин айтымында, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга Тажикстандан 86 миң турист келген, бул 2024-жылга салыштырмалуу 12 эсе көп.
Мындан тышкары тараптар Борбор Азия өлкөлөрү үчүн бирдиктүү виза киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын май айында Кыргызстанда Тажикстандын маданият күндөрү өтөрү маалымдалды.
Жыйындын соңунда төмөнкү документтерге кол коюлду:
- Өкмөттөр аралык кеңештин биринчи жыйынынын протоколу;
- «Кыргыз экспорт» борбору менен Тажикстандын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.