Бишкекте Кыргыз улуттук искусство университетине 5 кабаттуу жаңы корпус курулат

26.03.2026 | 10:17

Бишкек шаарында Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин 5 кабаттуу кошумча окуу корпусу курулуп жатат.

Курулуш министрлигинин маалыматында, жаңы имарат окуу жайдын негизги корпусуна чектеш курулуп жатат. Учурда темир-бетон каркасынын монтаждоо иштери 3-кабатка чейин жеткен. Ал эми жертөлө кабатында кыш коюу иштери толугу менен аткарылып, 1-кабаттын дубалдары 40% аяктап калган.

Курулуш министри Нурдан Орунтаев иштин жүрүшү менен таанышып, тиешелүү жетекчилерге курулуш иштеринин сапатына жана иштин аткарылыша өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Долбоорго ылайык, окуу корпусу 4 кабаттуу “А” жана 5 кабаттуу “Б” блоктордон туруп, окутуучулар жана студенттер үчүн бардык зарыл болгон заманбап шарттарды камтыйт.

Жаңы имараттын пайдаланууга берилиши окуу процессинин сапатын жогорулатууга жана университеттин материалдык-техникалык базасын чыңдоого өбөлгө түзөт.

Scroll to Top