Бишкекте Кыргызстандын универсиадасы өтүүдө

13.03.2026 | 12:31

Учурда Бишкек шаарындагы спорттук базаларда жогорку окуу жайлар арасындагы Кыргызстандын универсиадасы өтүүдө. Ал 11-марттан 27-апрелге чейин уланат.

Иш-чарага өлкөнүн жогорку окуу жайларынан 2500дөн 3000ге чейин студент катышууда. Таймаштар Жогорку лига жана I лига форматында уюштурулуп, студенттер спорттун 15 түрү боюнча күч сынашат. Алар: волейбол, баскетбол, футзал, ордо, тогуз коргоол, шахмат, жеңил атлетика, оор атлетика, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, самбо, дзюдо, бокс, кыргыз күрөшү жана стол тенниси.

12-мартта өткөн ачылыш аземге Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча «Жаштык» дирекциясынын директорунун орун басары Нурлан Тойчубеков, ЖОЖдордун ректорлору жана студенттер катышты.

Мелдештин жыйынтыгында 1, 2 жана 3-орунду ээлеген командалар тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана кубоктор менен сыйланышат.

Scroll to Top