Бишкекте Маалыматтык коопсуздук борборунун имараты ачылды
Бүгүн, 23-мартта, «Маалыматтык коопсуздук борбору» мамлекеттик мекемесинин административдик имаратынын ачылыш аземи өттү. Ага УКМКнын төрагасы Жумгалбек Шабданбеков, тармактын ардагерлери жана мамлекеттик кызматкерлер катышты.
Атайын кызматтын маалыматында, бул борбор улуттук киберкоопсуздук тутумун жана өлкөнүн санариптик инфраструктурасынын коопсуздугун чыңдоо максатында түзүлгөн. Мекеме өлкөнүн санариптик эгемендүүлүгүн коргоо жана санариптик экономиканын өнүгүүсүн камсыздоо милдетин аткарат.
Борбордо төмөнкү иштер аткарылат:
- Мамлекеттик сектор үчүн программалык жана аппараттык чечимдерди иштеп чыгуу, аларды сертификациялоо жана колдоо;
- Санариптик мейкиндикке мониторинг жүргүзүү жана коркунучтарга ыкчам жооп кайтаруу;
- Мамлекеттик жана жеке маалыматтарды коргоо үчүн технологиялык инструменттерди түзүү;
- Мамлекеттик мекемелердин аракеттерин координациялоо жана IT-адистерди даярдоо.
Жаңы имарат заманбап сервердик жана аналитикалык жабдуулар менен камсыздалган. Түзүлгөн шарттар киберчабуулдарга каршы турууга жана республиканын критикалык маанидеги санариптик кызматтарынын туруктуулугун камсыздоого багытталганы айтылды.



