12-майда И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында медайымдык иш боюнча 6-эл аралык форум өтөт.
Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдагандай, иш-чара Эл аралык медайымдардын күнүнө жана акушерлердин күнүнө арналган.
Быйылкы форумдун темасы “Медайымдар илими: изилдөөлөр, иштеп чыгуулар жана инновациялар”.
Катышуучулар медайымдык иш боюнча илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, медайымдардын жана акушерлердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу, медайымдык билим берүү жана практика чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулашат.