Site icon Reporter.kg

Бишкекте медайымдардын 6-эл аралык форуму өтөт

12-майда И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында медайымдык иш боюнча 6-эл аралык форум өтөт.

Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдагандай,  иш-чара Эл аралык медайымдардын күнүнө жана акушерлердин күнүнө арналган.

Быйылкы форумдун темасы “Медайымдар илими: изилдөөлөр, иштеп чыгуулар жана инновациялар”.

Катышуучулар медайымдык иш боюнча илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, медайымдардын жана акушерлердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу, медайымдык билим берүү жана практика чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулашат.

 

Exit mobile version