Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери Бишкектеги №41 орто мектептин жанынан карышкыр кармашты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Республика көчөсүндөгү мектептин айланасында карышкыр жүргөндүгү тууралуу «102» аркылуу маалымат түшкөн.
“Милициянын кайгуул кызматынын ыкчам-тобу аталган жайга барып, карышкырды кармашкан. Жапайы жырткыч мамлекеттик экология техникалык инспекциясына өткөрүп берилет”, — деп жазылат маалыматта.