Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан «Өспүрүм-эмгек» аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук милициядан билдиришти.
Иш-чара 12-14-июль күндөрү өткөрүлгөн.
«Иш-чаранын жүрүшүндө ата-энесине иштегенге жардам берген 72 бала аныкталды. Андан сырткары ата-энесинин коштоосусуз жүргөн 30 бала аныкталып, анын ичинен 21 бала ИИМдин жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна өткөрүлдү, 9 бала ата-энелерине тапшырылды. Ошондой эле, 9 ата-энеге протоколдор түзүлдү», — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз