Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бала бакчанын курулушу башталды

17.03.2026 | 17:54

Бүгүн, 17-мартта, Бишкек шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн «Үмүт чырагы» бала бакчасынын курулушу башталды. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев курулушка мезгил кутучасын салды.

Бала бакча 250 орунга ылайыкталып, эки кабаттан турат. Имараттын жалпы аянты 3467 чарчы метрди түзөт. Долбоордо гимнастика залы, логопеддик кабинеттер, окуу бөлмөлөрү жана контакттуу зоопарк каралган. Курулуш иштери «Артвин Девелопмент» компаниясынын демөөрчүлүгү менен ишке ашырылууда

Өкмөт башчы бул объект өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи. Анын айтымында, мектепке чейинки билим берүү тармагын өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, Кыргызстанда бала бакча менен камсыз кылуу көрсөткүчү 2024-жылы 28,3% болсо, 2025-жылы 51%га жеткен. Учурда республика боюнча 2344 бала бакчада 320 миңден ашык бала тарбияланууда. Мамлекет 2030-жылга чейин мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылууну 80%га жеткирүү максатын койгон.

Scroll to Top