Бишкекте «One Run» эл аралык жарым марафону өтөт

Бишкекте «One Run» эл аралык жарым марафону өтөт

24-майда Бишкек шаарындагы Т.Усубалиев атындагы аятта «One Run» эл аралык жарым марафону өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги жарыялады.

«One Run» жарым марафону быйыл үчүнчү ирет өтүүдө. Жалпы 2000 ден ашык жөө күлүк катышары күтүлүүдө.

Анда катышуучулар 21,1 км, 10 км, 5 км жана балдар арасында 1 км аралыкка чуркашат.

Спорттук иш-чара Дене тарбия жана спорт агенттиги, Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти, “Run the Silk Road” эл аралык марафонунун дирекциясы, жеңил атлетика федерациясы жана «Баатырлар лигасы» тарабынан уюштурулууда.

Марафонго катышуу үчүн төмөнкү шилтеме аркылуу катталыңыз: my.runthesilkroad.com

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>