Бишкекте «Оргтехстрой» курулуш компаниясынын издөөдө жүргөн жетекчиси кармалды

26.03.2026 | 09:41

«Оргтехстрой» ААКсынын башкы директору И.К.М. өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча шектелип кармалды. Ал мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Мекеменин маалыматында, И.К.М. курулуш иштерин жүргүзүү үчүн каржылык каражаттар жетишсиз экенин билип туруп, инвесторлорду атайылап адаштырган. Ал буга чейин эле үчүнчү жактарга сатылып кеткен компаниянын активдерин күрөө катары көрсөтүп, инвестиция тарткан. Бул «кош сатуу» схемасынын натыйжасында жарандарга материалдык зыян келтирилген. Кылмыш ишин козгоого жабыркаган жарандардын жамааттык кайрылуулары негиз болгон.

Шектүү 24-мартта кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмышка катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар улантылып жатканы айтылды.

Scroll to Top