Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Бишкекте өткөн түнү 37 мас айдоочу кармалды
06.11.2025 | 09:52
Өткөн түнү Бишкек шаарында милициянын Патрулдук кызматы тарабынан «Рулда» аттуу рейд өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө жол кыймылынын эрежелерин бузган ар түрдүү учурлар боюнча жалпы 1 миң 168 протокол түзүлдү.
Алардын ичинен:
— 37 айдоочу мас абалында унаа айдаганы үчүн кармалган;
— 40 айдоочу тиешелүү документтерсиз унаа башкарганы үчүн айыпка жыгылган;
— 368 унаа айып аянтчасына токтотулган.
Мындай рейддер туруктуу негизде өткөрүлүп турат жана алардын максаты — жол кыймылынын катышуучуларынын тартибин жогорулатуу, жол кырсыктарын алдын алуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар