Бишкекте президенттин катышуусунда “Мурас” турнири башталды

Бишкекте президенттин катышуусунда “Мурас” турнири башталды

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен 31-май жана 1-июнь күндөрү өтө турган “Мурас” футбол турнири башталды.

Мамлекет башчы бардыгын салттуу футзал турниринин башталышы менен куттуктап, беттеш сегизинчи жолу өтүп жатканын эске салып, «Мурас» турниринин максаты – эл арасында сергек жашоо ыңгайын жайылтуу, спорт менен машыгууга, анын ичинде футболго кызыгуу жаратуу экенин белгиледи.

Садыр Жапаров спорт тармагында инфраструктуралык өзгөрүүлөр болуп жатканын баса көрсөттү. Өлкө боюнча бассейндер, заманбап стадиондор, бокс, күрөш жана спорттун башка түрлөрү боюнча спорттук залдар курулуп жатат.

«Жакында Беш-Күңгөй айылында стадион ачып, «Талант» командасына өткөрүп бердик. Ал эми бир жума мурда Каракол шаарындагы стадионду оңдоп-түзөө иштерин аяктадык. Ал «Барс» командасынын аренасына айланды. Ага чейин өлкөнүн аймактарында жаңы стадиондорду куруу жана буга чейин бар болгон стадиондорду капиталдык оңдоо иштери башталган», — деди мамлекет башчы.

Ал «Мурас» турнири өзүнө жүктөлгөн милдеттерди толук актаганын канааттануу менен белгиледи. Жыл өткөн сайын мамлекеттик кызматкерлердин жана жалпы калктын спортко болгон кызыгуусу өсүп жатканын байкоого болот.

Садыр Жапаров ошондой эле дене тарбияны кеңири жайылтуу жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгуу оорулардын алдын алуунун натыйжалуу жолдорунун бири экенине ишенем билдирди.

Мелдеш 2 күнгө созулуп, ага 16 команда команда катышууда: «Президенттик команда», «Жогорку Кеңеш», «Көзөмөл», «Аймактар», «Ден соолук», «Коопсуздук», «Фемида», «Спорт оюндары», «Журналисттер», «Өнөр», «Билим», «Достук», «Динамо», «Ыйман», «Банктар жана бизнес» жана «Элчилер».

Турнир борбор калаадагы «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде жана КФС Улуттук футбол академиясынын спорт комплексинде өтүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>