Бишкек шаарында уюшкан кылмыштуулукка каршы иш алып бара турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) түзүмү түзүлөт. Бул тууралуу Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Ташкенттеги террорчулукка каршы борборду кеңейтүү боюнча макулдашуулар даяр болуп калды. Ошондой эле Душанбеде баңгизаттарга каршы борбор ачуу иштери соңуна чыгууда.
“Бул үч түзүм терроризмге, мыйзамсыз миграцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө натыйжалуу механизмдер болот”, — деди Лавров.