Бишкек шаардык милициясынын ыкчам кызматкерлери сойкулукка жана бузукулукка үндөгөн шектүүнү кармашты.
Маалыматка караганда, милицияга Бишкектин Жумабек көчөсүндө жайгашкан сауналардын биринде администратор болуп иштеген аял көп убакыттан бери сойкукана уюштуруп жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал интимдик кызмат көрсөткөн кыздарды чакырып, алардан кардарлардан алган төлөмүнүн 30% өлчөмүндө акча алып жүргөн.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 160 (сойкулукка жана бузукулукка үндөө) беренсине ылайык кылмыш иши козголгон.
Милиция шектүү катары 41 жаштагы К.А. аттуу жаранды кармаган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Азыркы учурда, кылмышка тиешеси бар адамдарды табуу боюнча тергөө иш-аракеттери уланып жатат. Ошондой эле, К.А. аттуу жаран администратор болуп иштеген мекеменин ээсинин катышы бар же жогу текшерилүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз