Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктады. Кыргызстандын капчыгында 5 алтын бар

Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды. 6-апрелден 12-апрелге чейин созулган мелдешке Азиянын 31 өлкөсүнөн 350дөн ашык балбан катышты.
Чемпионатта Кыргызстандын курама командасы төмөнкүдөй жыйынтык көрсөттү:
Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар: Акжол Махмудов, Афтандил Таалайбек уулу, Асан Жанышов жана Раззак Бейшекеев өлкөгө 4 алтын медаль алып келишти. Кыргызстан күрөштүн бул түрү боюнча командалык эсепте 2-орунду ээледи.
Ал эми кыз-келиндер күрөшү боюнча өлкө командалык эсепте 4-орунду ээледи. Бул мелдештерде Мээрим Жуманазарова алтын алса, Айпери Медет кызы күмүш медаль тагынды. Мындан тышкары балбан кыздар: Нурзат Нуртаева жана Гүлнур Таштанбекова коло медалдарды утушту.
Эркин күрөш боюнча төрт кыргызстандык балбан: Абдымалик Карачов, Эрназар Акматалиев, Жакшылык Байташов жана Яков Чаплин 4 коло медаль алышып, өлкө командалык эсепте 5-орунду ээледи.