Бишкекте түн тынч өттү

Бишкекте түн тынч өттү

Бишкекте түн тынч өттү. Бул тууралуу шаардык милициядан маалымдашты.
Борбор калаада ички иштер органдары, куралдуу күчтөр элдик кошуун менен биргеликте коомдук тартипти сактап, жарандарды коопсуздугун камсыздаган.

Маалыматка ылайык, саат 5:00дөн тарта транспорттун жана жарандардын кыймылы кадимкидей жүрө баштаган. Мамлекеттик мекемелер менен ишкерлик объектилери толук иштеп жатат.
Милиция кырдаалды курчуткан жана чагымчылдыкты жараткан аракеттер боюнча фактылар болбогондугун кабарлады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>