Бишкекте таштанды кайра иштетүү заводунун пилоттук эксплуатациясы башталды

15.11.2025 | 09:00

Бишкек шаарында жаңы таштанды кайра иштетүү заводунун пилоттук эксплуатациясы башталды — объекттин аймагына алгачкы партиядагы катуу тиричилик калдыктары жеткирилди. Шаар мэриясынын маалыматына ылайык, адистер комплекстин расмий ачылышына чейин анын иштешин тестирлөөдөн өткөрө башташты.

Алдын ала маалымат боюнча, заводго жалпы 126 тонна таштанды алып келинди. Сыноо жүктөрүн ташуу үчүн 17 даана атайын техника тартылып, ар бири бирден рейс жасаган. Муниципалитет белгилегендей, ишканада алгачкы 1 миң тонна калдыктын топтолушунан кийин кайра иштетүү процессин — анын ичинде электр энергиясын өндүрүүнү — баштоо пландалууда.

Пилоттук ишке киргизүү иш-чарасы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мeder Машиевдин, мэр Айбек Джунушалиевдин жана башка структуралардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Шаар башчысы ошондой эле объекттин абалы жана пусконаладка иштеринин жүрүшү менен жеке таанышуу үчүн курулуш аянтчасына барды.

Жаңы заводдун курулушу акыркы этабына жакындап калды. Анын ачылышы 2025-жылдын 26-декабрына пландалган. Проект 2023-жылдын ноябрында Бишкек мэриясы менен Junxin компаниясынын ортосунда кол коюлган келишимдин негизинде ишке ашууда. Кабинеттин токтому менен бекитилген инвестициянын суммасы 95 миллион долларды түзөт.

Scroll to Top