Бишкек шаарында 2 айда таштандыны белгиленбеген жерге таштаган 149дан ашык жаран аныкталып, аларга жалпы 1 млн 511 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Муниципалдык инспекция кабарлады.
Инспекция жарандар көп учурда таштандыны чыгарууда белгиленген графикти сактабай жатышканын билдирди. Ошондой эле башаламан таштанды жайларында тынымсыз күзөт жүргүзүлүп жатканын маалымдады.