Бишкекте төрөлгөн үч эм төрөт үйүнөн чыгарылды.
Мэриядан билдиришкендей, Исаков Оскар Төлөгөновичтин үй-бүлөсүндө ушул жылдын 20-декабрында үч эм төрөлгөн.
“Балдардын атын Нурбакыт, Нурмахаммед жана Нурсултан коюшкан. Эненин жана балдардын ден соолугу канааттандырарлык абалда”, — деп айтылат маалыматта.
Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков, саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова жана Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев жаңы төрөлгөн ымыркайларды көрүп, төрөт үйүнөн чыгарышты.
Алар Исаковдун үй-бүлөсүнө чың ден-соолук, бакыт-таалай, ал эми балдарына бактылуу балалык каалап, белектерди тапшырышты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз