Бишкекте турак үйдөн чыккан өрттөн бир адам жаракат алды

Бишкекте турак үйдөн чыккан өрттөн бир адам жаракат алды

Бишкектин Биринчи май районундагы Түгөлбай Ата көчөсүндө жайгашкан  турак үйдөн өрт чыгып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрилги билдирди.

Жалпысынан өрттөн 6 чарчы метрди түзгөн үйдүн шыбы күйгөн.  Мындан сырткары 39 жаштагы эркек кишинин денесин күйүк алып, тез жардам кызматы аркылуу шаардык ооруканага жеткирилди. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 30-апрелге караган сутка ичинде өлкө боюнча 4 өрт кырсыгы катталган. Аларды өчүрүүгө 5 бөлүм жөнөтүлгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>