Бишкекте телефон уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 26-апрелде милицияга Г.К. аттуу жаран кайрылып, ошол күнү болжол менен саат 11:45те Ош базарында белгисиз адам баасы 11 миң сомдук Samsung A 30 телефонун уурдап кеткенин билдирген.
Милиция кылмышка шектүү катары 23 жаштагы О.С. аттуу жаранды кармаган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
«Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү уурдалган телефонду милиция кызматкерлерине өткөрүп берип, ал далил зат катары таанылып, жабырлануучуга кайтарылды», — деп билдиришти милициядан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз