Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү “Джинди” өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтордун ортосундагы чырдан улам жасалган 11 жыл мурдагы киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 26-июлунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, «Джин» каймана аты менен белгилүү 1981-жылы туулган жаран өлтүрүлгөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Адам өлтүрүү», эски редакция) менен кылмыш иши козголгон.
Эксперттердин корутундусуна ылайык, маркумга тийген октор болжол менен спорттук-машыгуу тапанчадан атылган. Тергөөнүн жүрүшүндө окуя кылмыштуу топтордун таасир жана көзөмөл үчүн күрөшүнүн алкагында болгондугу аныкталды.
Ыкчам-тергөө иштери менен 1983-жылы туулган шектүү жаран кармалды. Анын унаасынан баңгизат болушу мүмкүн деп эсептелген төрт түрмөк табылган. Мындан тышкары, үйүн тинтүү маалында өзгөчө жыты бар кара куурайга окшош зат алынган.
Учурда экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.