Бишкек мэриясынын карамагында жаңы муниципалдык ишкана түзүлдү

Бишкек шаарынын мэриясында жаңы «Шаардык жол-транспорттук инфртүзүм» муниципалдык ишканасы түзүлдү. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы ишкана «Жол-транспорттук инфратүзүм» жана «Муниципалдык токтотмолор, унаа туруктары жана базарлар» муниципалдык ишканаларын бириктирүү менен түзүлдү.
Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.
Жаңы ишкананын директору болуп буга чейин «Жол жана транспорттук инфратүзүм» муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп иштеп келген Асылбек уулу Бакай дайындалды.
Чечим шаардык инфратүзүмдү башкарууну оптималдаштыруу, муниципалдык менчикти пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана борбор калаанын тургундарына көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында кабыл алынган.