Бишкекте жаңы №12 үй-бүлөлүк медицина борбору ачылды

Бишкекте жаңы №12 үй-бүлөлүк медицина борбору ачылды

27-декабрда Бишкек шаарынын Кызыл-Аскер аймагында жайгашкан №12 жаңы үй-бүлөлүк медицина борборунун салтанаттуу ачылышы болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, ачылыш аземге министр Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Жаңы борбор бул аймактардын тургундарын сапаттуу медициналык тейлөө менен камсыз кылуу максатында түзүлдү.

Жалпы наркы 70 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн имараттын курулушу 2022-жылдын июль айында башталып, анда №1 ҮМБнын филиалын жайгаштыруу пландалган. Бирок, административдик-аймактык реформанын алкагында Чүй облусунун айрым райондору борбор калаага кошулгандыктан, өз алдынча мекеме – №12 үй-бүлөлүк медицина борборун түзүү чечими кабыл алынган.

ҮМБ бир убакта 150 адамды тейлөөгө ылайыкталган жана заманбап жабдуулар менен жабдылган, анын ичинде УЗИ, ЭКГ жана флюорография бөлмөлөрү, ошондой эле техникалык бөлмөлөр, медициналык буюмдарды стерилизациялоочу жайлар жана санузелдери бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>