Бишкекте жигит эки таанышын бычактап, батирди өрттөп жиберген

29.09.2025 | 10:48

Бишкекте укук коргоо кызматкерлери тарабынан эки таанышына бычак сайып, батирди өрттөп жиберүүгө шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Свердлов райондук ИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 29-сентябрга караган түнү «Чыгыш-5» кичи районундагы батирлердин биринде болгон. Үч жигит жана эки кыз батирди ижарага алып, отурушкан. Отуруш маалында үч жигиттин ортосунда жаңжал чыгып, 22 жаштагы З.З. эки таанышына бычак сайып, андан кийин батирди өрттөп жиберген.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери, ӨКМнын өрт өчүрүү кызматы жана дарыгерлер дароо барышкан. Өрт өчүрүлүп, жабыркагандар ооруканага жеткирилген. Укук коргоо кызматкерлери 22 жаштагы жигитти кармап, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизишкен.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бардык зарыл экспертизалар дайындалган.

Scroll to Top