Бишкек шаарында жол белгилерин уурдоого айыпталган адам кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-апрелде саат 21:45тер чамасында милицияга көчөлөрдүн биринде жол белгилерин уурдап жатат деген маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, шектүү катары 2005-жылы туулган Д.Н. жана 2004-жылы туулган Б.А., ошондой эле 2005-жылы туулган О.М. аттуу адамдарды кармаган.
Алар милиция бөлүмүнө жеткирилип, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.