Бишкекте карама-каршы тилкеге чыгып, жол эрежесин бузган автобустун айдоочу жумуштан четтетилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, буга чейин соцтармактарга №9 автобустун айдоочусу Ахунбаев көчөсүндө карама-каршы тилкеге чыгып, жол чыракка токтобой өтүп кеткени тартылган видео тараган.
Кайгуул кызматкерлери жол эрежесин бузган айдоочуну таап, ага 20,5 миң сом айып пул салган.
Ал эми айдоочунун ишмердүүлүгү коммиссия тарабынан каралап, айып пулдарды төлөтп, жумуштан четтетүү чечими кабыл алынган.