Бишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты

03.04.2026 | 16:28

Бүгүн, 3-апрелге караган түнү саат болжол менен 02:20 чамасында Бишкек шаарында жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен жөө жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББ кабарлады.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 25 жаштагы Б.К. аттуу айдоочу «Lexus LX 460» үлгүсүндөгү унаа менен А. Токомбаев көчөсү менен батышты көздөй бара жатып, «НТС» телекомпаниясынын тушунда «Honda Fit» үлгүсүндөгү унааны сүзгөн.

Ал эми «Honda Fit» унаасынын айдоочусу жөө өтмөктүн алдында токтоп, жолдон өтүп жаткан жөө жүргүнчүгө жол берип жаткан. Кагылышуунун натыйжасында «Lexus LX 460» унаасы жөө жүргүнчүнү сүзүп, андан соң жол четинде токтоп турган дагы эки унаа менен кагылышкан.

Жол кырсыгынын кесепетинен 25 жаштагы жөө жүргүнчү Ш.З. алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголду. Учурда унаа атайын айып короосуна киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды. «Lexus LX 460» унаасынын айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Scroll to Top