Бишкекте жол жээгинен кыздын сөөгү табылды. Шектүү кармоо учурунда өз жанын кыюуга аракет кылган

Бишкекте 19 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип 21 жаштагы жаран кармалды. Бишкек ШИИББдин маалыматында, 4-февраль күнү саат 23:04тө «102» кызматына шаардын четиндеги айланма жолдо аялдын сөөгү табылганы тууралуу кабар келип түшкөн.
Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу маркум зордук-зомбулук менен өлүмгө дуушар болгонун тастыктаган.
Бул факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Каза болгон кыз 2006-жылы туулган С.Б. экени такталды. Кылмышка шектүү катары 2004-жылы туулган Н.А. изи сууй электе кармалды.
Милиция кызматкерлери анын үйүнө барган учурда, ал бычак менен өзүнө бир нече ирет жаракат келтирип, өмүрүнө кол салууга аракет кылган. Милиция кызматкерлери тарабынан ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, андан соң ооруканага жеткирилген.
Учурда шектүү медициналык мекемеде кайтарууда турат. Кылмыш ишинин алкагында соттук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.