Бишкектеги №47 колониядан козголоң чыктыбы? Жооп

Бишкектеги №47 колониядан козголоң чыктыбы? Жооп

Бишкектеги №47 колониядан козголоң чыккан жок. Бул туурасында Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-майга караган түнү борбордогу №47 түзөтүү колониясында башаламандык орун алганы тууралуу маалыматты айрым маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Чынында өрт белгисиз себептерден улам чыккан. Ал эми бул турак жайда эмес, эски, бош цехтин экинчи кабатында болгон.

Өрт саат 23:56 чамасында башталып, дароо мекеменин кызматкерлери атайын өрт өчүрүүчү унаанын жардамы менен өрттү өчүрүүгө аракет кылышкан. Акыры, саат 01:10до Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ленин райондук мамлекеттик өрткө каршы кызматынын экипажы келгенден кийин бардыгы жоюлду. Өрттүн болжолдуу аянты 90 чарчы метрди түзөт.

Маалыматтар атайын реестрге катталып, бардык тийиштүү органдарга маалымдалып, чогултулган материалдар Жаза аткаруу кызматынын тиешелүү бөлүмүнө тергөө үчүн өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле өрттүн кесепетинен колониянын кызматкерлери жана атайын контингенттин эч кимиси жабыркаган эмес.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да бул маалыматты төгүндөп эки кабаттуу имараттын 200 ч.м. темир устундуу шифер менен жабылган эки жана 3 бөлмөсү күйгөнүн, өрттөн жабыркагандар жок экенин тастыкташты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>