Бишкектеги №23 мектеп буздурулушу мүмкүн

Бишкектеги №23 мектеп буздурулушу мүмкүн

Бишкектеги №23 мектеп жабылды, эми ал буздурулушу мүмкүн. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, сейсмология институту мектептин айрым имараттары боюнча корутунду берип, учурда ал боюнча тиешелүү адистер иштеп жатат. Анын жыйынтыгы менен мектепти бузуу чечими кабыл алынса, ал буздурулуп, ордуна жаңы мектеп курулат. Ал эми мектеп окуучулары күзгү каникулдан кийин башка мектептерге бөлүштүрүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>