Бишкектеги №28 мектептин ата-энелери №70ке кошулууга каршы

Бишкектеги №28 мектептин ата-энелери №70ке кошулууга каршы

Бишкектеги №70 жана №28 мектептер биригет. Бул тууралуу 28-мектептин ата-энелери билдирип, ага каршы кол топтоп  башташты.

«Бул процессти токтотуп, ата-энелер, окуучулар жана мугалимдердин пикирин угуп, билим берүүнү жакшыртуунун башка жолдорун караштырууну талап кылабыз», — деп айтылат петицияда.

Ал азырынча 318 гана добуш топтоду.

Белгилей кетсек, Бишкектеги 11 гимназия жана лицейдин лицензиясынын мөөнөтү аяктагандыктан макамы алынган. Алардын катарында 28-мектеп дагы бар. Билим берүү мекемелери аттестация аркылуу өзүнүн макамын таксыктайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>