№72 мектептин окуучусунун өлүмү. Шектүү өспүрүм кармалды

№72 мектептин окуучусунун өлүмү. Шектүү өспүрүм кармалды

Ден соолукка оор зыян келтирүүгө шектелген 9-класстын окуучусу кармалганын Бишкек шаардык милициясынан юилдиришти.

Маалыматка караганда, 2025-жылдын 10-февраль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына А.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында, 2025-жылдын 21-январь күнү, 2010-жылы туулган А.А. аттуу уулуна №72 орто мектебинин дааратканасынан 9-класстын окуучусу Т.И., денесине жаракат келтирип анын кесепетинен уулу А.А., эс-учун жоготуп Улуттук кардиология борборуна жаткырылганын жана 2025-жылдын 4-февраль күнү ооруканада каза болгондугун билдирген.

Аталган факт Ленин райондук ИИБдин кызматкерлери тарабынан 2025-жылдын 7-февралында аныкталып, каттоодон өткөндүктөн, А. Д. аттуу жарандын арызы каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү материалына тиркелген. Тергөөнүн жүрүшүндө, шектүү Т. И., 8-класстын окуучуларынан акча талап кылгандыгы аныкталган, натыйжасында, 8-класстын окуучусу А.А нын денесине залал келтирип, ал эсин жоготуп, ооруканага жаткырылып, каза болгон.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130 (ден соолукка оор залал келтирүү) жана 208 (опузалап талап кылуу) беренелери менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында, 2009-жылы туулган Т.И. Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматына жеткирилген жана  КЖПКнын 96-беренесинин негизинде БШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эскерте кетсек, шектүүнүн баңгизат колдонгондугу тууралуу маалымат тастыкталган эмес, себеби бардык тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, жыйынтыгында колдонуунун издери табылган эмес.

Тергөө иштери улантылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>