Бишкектеги Азия чемпионаты: Кыргызстандын төрт балбаны жарым финалга чыкты

Бүгүн, 6-апрелде, Бишкек шаарындагы «Жаштык арена» спорттук комплексинде спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты башталды. Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын төрт спортчусу жарым финалга жолдомо алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Жарым финалдык баскычта төмөнкү спортчулар күч сынашат:
- Улан Муратбек уулу (55 кг чейинки салмак категориясы);
- Афтандил Таалайбеков (63 кг чейин);
- Акжол Махмудов (77 кг чейин);
- Асан Жанышов (87 кг чейин).
Беттештер бүгүн саат 18:00дө башталат.
Азия чемпионаты 12-апрелге чейин созулат. Мелдешке 350гө жакын балбан катышып, спорттун үч түрү боюнча 30 комплект медаль ойнотулат. Программага ылайык, 6–8-апрелде грек-рим күрөшү, 8–10-апрелде кыз-келиндер күрөшү, ал эми 10–12-апрелде эркин күрөш боюнча таймаштар өткөрүлөт.
Кыргызстандын улуттук курама командасынын курамында грек-рим күрөшү боюнча 10, кыз-келиндер күрөшү боюнча 9 жана эркин күрөш боюнча 10 спортчу бар.